27-ноябрдан тарта көпчүлүк аймактарда күн сууктайт
Кыргызгидромет кызматы тараткан аба ырайынын божомолуна ылайык, өлкөдө 24-30-ноябрь арасы аба ырайы өзгөрүлүп, айрым аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
24-ноябрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөйт.
Чүй жана Талас облусу
24-26-ноябрда Чүй жана Талас облустарында күндүз абанын температурасы +12…+24 градус жылуу болот. 27-ноябрдан тарта күн сууй баштап, күндүз -2…-11 градуска чейин төмөндөйт. Түнкүсүн айрым жерлерде абанын температурасы -3 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 24-26-ноябрда күндүз абанын температурасы +14…+21 градус жылуу болот. 27-30-ноябрда күндүз +11…+17 градус жылуу болушу күтүлөт. Түнкүсүн абанын температурасы +1…+11 градус жылуу чегинде сакталат.

Ысык-Көл жана Нарын облусу
Ысык-Көл облусунда 24-30-ноябрда күндүз абанын температурасы 5…12 градус жылуу болуп, түнкүсүн 0…+5 градустан -4…+1 градуска чейин төмөндөйт.
Нарын облусунда 24-25-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы -4…-9 градус болсо, 26-ноябрдан тарта -6…-11 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз абанын температурасы +3…+11 градус жылуу болушу күтүлөт.
