Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын 2026-жылга чейин өркүндөтүү концепциясы бекитилди

 Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын 2026-жылга чейин өркүндөтүү концепциясы бекитилди

2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечим КР Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган документ Президенттин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Муну эске алуу менен КР Министрлер Кабинети 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү чечимин кабыл алды.

Белгилесек, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын 13%дан ашыгы бюджеттик сектордо иштейт жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек акы болуп саналат.

Связанный пост