Кара-Балтада 4 950 батирлүү ипотекалык үйлөр курулууда

 Кара-Балтада 4 950 батирлүү ипотекалык үйлөр курулууда

Кара-Балта шаарында жалпы 66 блоктон турган 4 950 батирлүү турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, учурда 20 блокто монолиттик иштер толук аяктап, фасаддык жана ички жасалгалоо иштери уланууда.

Ошондой эле фасаддык иштердин 95 пайызы, ал эми ички жасалгалоо иштеринин 80 пайызы бүттү.

“Долбоордо жашоочулар үчүн социалдык жана инфраструктуралык шарттарды түзүү да каралган. Тактап айтканда, турак жай комплексинин аймагында мектеп, бала бакча жана унаа токтотуучу жайлар курулат. Ошондой эле ар бир батир өзүнчө газ менен жылытуу системасы менен камсыздалат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост