Ысык-Көлдө “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу дээрлик аяктады
Ысык-Көл облусунда турмуш-тиричилик абоненттерине “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери 98 пайызга аяктады.
Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата облустагы 124 миң 429 абоненттин 121 миң 460ына заманбап эсептегичтер орнотулган.
“Учурда жабдуулар убактылуу жашоочулары жок үйлөргө, ошондой эле Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы алыскы мал чарба кашарларына коюлууда”, – деп айтылат маалыматта.
“Акылдуу” эсептегичтердин маалыматы автоматтык түрдө онлайн берилет. Абоненттер электр энергиясы үчүн эсептелген сумманы “Мой свет” тиркемесинен көрүп, төлөмдү үйдөн чыкпай жүргүзө алышат.
Маалымат электр энергиясын эсепке алуунун тактыгын жогорулатып, кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүүгө багытталган.