Измирдеги кырсык: Садыр Жапаров Түркия президентине көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо болгон жарылууга байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.
“Измир провинциясында жайгашкан металлургиялык заводунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле жалпы Түркия элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул оор жоготууга байланыштуу маркумдардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, жабыркагандардын тезирек сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.