Бишкек жана Ошто россиялык дарыгерлер бейтаптарды акысыз кабыл алат

 Бишкек жана Ошто россиялык дарыгерлер бейтаптарды акысыз кабыл алат

Россиянын “РТЖ-Медицина” клиникалар тармагынын алты дарыгери “Миссия Добро” эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында Кыргызстанга келди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар 9-14-ноябрь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерде иш алып барууда.

“Дарыгерлер нейрохирургия, кардиохирургия, урология, травматология жана ортопедия, рентгенэндоваскулярдык диагностика жана дарылоо, ошондой эле реабилитация багытындагы адистер бейтаптарга консультация берип, жергиликтүү дарыгерлер жана медициналык окуу жайлардын студенттери үчүн мастер-класстарды, лекцияларды өткөрүшөт”, – деп айтылат маалыматта.

Адистер Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда, Улуттук госпиталда жана башка медициналык мекемелерде иштешүүдө. 12-14-ноябрда алардын бир бөлүгү Ош клиникалык ооруканасында бейтаптарды кабыл алат.

Белгилей кетсек, 2025-жылы аталган программанын алкагында россиялык дарыгерлер Кыргызстанда 78 жолу бейтаптарды текшерип, консультация беришкен, 16 операция жасап, 18 ультраүндүк изилдөө жүргүзүшкөн. Ошондой эле 14 консилиум өткөрүп, медициналык кызматкерлер үчүн 24 лекция окушкан.

“Миссия Добро” программасы эл аралык гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Связанный пост