Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады

 Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жаштарын куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Кымбаттуу жаштар!

Сиздерди 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын жыл сайын майрамдалуучу Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Жаңы миң жылдыктын башында – 2002-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын жыл сайын майрамдалуучу Жаштар күнү деп белгиленген.

Соңку жаңы тарыхыбызда, тактап айтканда, социализм доорунда да жаштарга өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөнүн масштабында аларды бириктирген Комсомол уюму түзүлүп, алардын жумуш орду, турак жайлары, эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө жигердүү аракеттер болгон.

Өлкөбүздө 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар калктын жарымына жакынын түзөт. Жаштык деп аталган ушул курактагы аракеттер ар бир адамдын жана ал жашаган коомдун тагдырына, келечегине олуттуу таасирин тийгизет. Жаштардын билими канчалык терең болсо, кесипти канчалык эрте жана туура тандап алып, өз өнөрүнүн чебери, дасыккан кесипкөй болсо, анын аброю, өз элине кошкон салымы ошончолук жогору болот.

19-кылымда 35 жаштагы адамды орто жаштагы деп аташкан, айрым генийлер 24 жашында генерал болуп, 20 жашында математиканын өзүнчө тармагын негиздеген.

Заманбап техника, технологиялардын таасири астында өтө тездик менен өзгөрүп жаткан заманда биздин жаштар толкуган дем менен билимди, илимди, коомдун турмушун ыкчам өздөштүрүп, турмуштан татыктуу ордун табууга үлгүрүшү керек.

35 жылдык эгемендүүлүк тарыхта мамлекетибиз ар бир жаш жаранга сапаттуу билим берүү, кесиптик жактан өстүрүү, татыктуу жумуш менен камсыз кылуу боюнча негизги милдеттерди аткарып келет. Бул багытта кабыл алынган бир катар мамлекеттик программаларды, демилгелерди белгилеп кетем.

2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жаштардын өлкөнүн туруктуу инновациялык өнүгүүсүн камсыз кылуучу активдүү жарандык позициясын жана баалуулук багыттарын калыптандыруу, жаштардын социалдык өнүгүүсүнө жана өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө көмөктөшүү негизги максаттуу багыт катары белгиленген.

Кыргызстандын Жаштар саясаты концепциясынын алкагында  санариптештирүүгө, жумуш менен камсыз кылууга, жарандык демилгелерди колдоого жана жаштар арасында салттуу баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган аракеттер болуп жатат. Бул концепцияны ишке ашыруу максатында 2025–2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы түзүлүп, санариптештирүү, жумуш менен камсыз кылуу, жарандык демилгелерди колдоо жана жаштар арасында салттуу баалуулуктарды бекемдөө боюнча иш-чаралар каралган. ШКУнун жаштарынын санариптик форуму, жаштардын медиа борбору уюштурулуп, жаштарды киберспорт, дизайн долбоорлору жана жогорку технологиялар сыяктуу тармактарга тартууга багытталган кеңири масштабдуу иш-чаралар болуп жатат. Ошону менен бирге “Жаш ишкер” программасынын алкагында жаштар арасында социалдык ишкердикти системалуу түрдө өнүктүрүүнү көздөп жатабыз.

Кымбаттуу жаштар!

Ар бир муундун өзүнүн сыноолору, ийгиликтери жана каармандары болот.

Мурунку муундар адам адамга дос, жолдош жана бир тууган болгон заман – коммунизмди курабыз деген шаңдануу менен индустриалдуу-агрардуу, билимдүү өлкөнү курушкан.

Элибиздин тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсандардын өрнөктүү өмүрү силерге дем берип, Мекенге болгон сүйүүңөр жаңы ийгиликтерге жетелесин.

Ар бириңер өз ордуңарды таап, тандаган кесибиңерде ийгиликтерге жетип, үй-бүлөңөрдүн бакубаттуулугуна, туулуп-өскөн жериңердин өнүгүшүнө жана Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө татыктуу салым кошкула.

Баарыңарга чың ден соолук, бакубат жашоо, түгөнбөс дем-күч, жетишкендиктерди жана келечекке болгон бекем ишенимди каалайм!

Жаштар күнү кут болсун!”

Связанный пост