Президент ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларды уюштургандыгы үчүн сыйлыктарды тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаарында ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Мамлекет башчысы 2026-жылы өткөрүлгөн масштабдуу иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, алардын Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөө, улуттук маданиятты даңазалоо жана өлкөнүн уюштуруучулук дараметин көрсөтүүдөгү маанисине токтолду.
Президент жетишилген натыйжалар мамлекеттик органдардын, жетекчилердин жана адистердин биргелешкен ишинин жыйынтыгы болгонун жана борбор калаанын, ошондой эле аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.
Садыр Жапаров иш-чараларды даярдоону жана өткөрүүнү түздөн-түз камсыздаган жетекчилердин салымына өзгөчө токтолуп: “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылган Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин, ошондой эле I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана ички иштер министри Улан Ниязбековдун эмгегин белгиледи.
Президент жеке жоопкерчиликтин, кесипкөйлүктүн жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруунун маанисине өзгөчө көңүл буруп, ири мамлекеттик долбоорлордун ийгилигинин артында көптөгөн адамдардын эмгеги турганын айтты.
Мамлекет башчысы мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерине, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Коргоо министрлигинин кызматкерлерине, маданият ишмерлерине, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсына жана иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышкан башка уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
“Мамлекеттик сыйлык – бул мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жогорку ишеним, ак эмгекке берилген баа жана мындан аркы иштерге болгон чоң жоопкерчилик. Мен мамлекетке кызмат кылуу конкреттүү иш менен далилдениши керектигин дайыма айтып келем. Бизге кагаз жүзүндөгү отчеттор эмес, көзгө көрүнгөн, эл билген натыйжалуу иштер жана мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошулган реалдуу салым керек”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров сыйлангандарга кесиптик жана коомдук ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалап, алардын эмгеги жана жетишкендиктери башка жарандар үчүн Мекенге кызмат кылууда жана Кыргызстанды өнүктүрүүдө үлгү болоруна ишенимин билдирди.20319:13