10 айда бюджетке 669,6 млрд сом түштү: План 102,7%га аткарылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билдиргендей, 2026-жылдын алгачкы 10 айында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү белгиленген пландын 102,7 пайызын түздү. Кирешелер жалпысынан 669,6 миллиард сомду түзүп, бул болжолдонгон көрсөткүчтөн 17,3 миллиард сомго көп болду.
Мамлекеттик салык кызматы 288,5 миллиард сом чогултуп, белгиленген пландын 102,7 пайызын аткарды. Мамлекеттик бажы кызматы 155,6 миллиард сом чогултуп, пландын 104,1 пайызын түздү.
Минкаб төрагасы жылдын аягына чейин ушул оң динамиканы сактап калуу, бюджеттик кирешелердин толук чогултулушун камсыз кылуу, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын өз убагында жана натыйжалуу пайдаланылышына кепилдик берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйында Кепилдик фонду тарабынан Финансы министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн, ошондой эле экономиканын ар түрдүү тармактарындагы компаниялардын 1086 өкүлүнүн жоопторуна негизделген Сатып алуу менеджерлеринин индекси (PMI) боюнча акыркы сурамжылоонун жыйынтыктары каралды.
Бул сурамжылоо беш жолу — 2024-жылдын октябрында, 2025-жылдын март жана октябрь айларында, ошондой эле 2026-жылдын апрель жана октябрь айларында — өткөрүлгөн.
2026-жылдын октябрь айында Кыргызстандагы ишкердик активдүүлүк индекси 58,7 пунктту түздү. Бул ошол эле жылдын апрель айындагы көрсөткүчкө (58,1 пункт) салыштырмалуу 0,6 пунктка көп, 50 пункттан жогору болгон көрсөткүч экономиканын реалдуу секторундагы ишкердик активдүүлүктүн өсүшү уланып жатканын билдирет.
Изилдөөгө төмөнкү тармактардын өкүлдөрү камтылган: айыл чарба, соода, кызмат көрсөтүү, транспорт, өнөр жай, туризм, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана курулуш.
Эң жогорку көрсөткүчтөр “өндүрүш”, “жеткирүү” жана “жаңы буйрутмалар” компоненттери боюнча катталган. Өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнө өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү, курулуш жана инвестициялык активдүүлүк, ошондой эле ички суроо-талаптын жогорулашы кирди.
Салыштыруу үчүн, ишкердик активдүүлүк индекси Россияда 49,8 пунктту, Казакстанда 46,4 пунктту, Германияда 54,2 пунктту жана Кытайда 52,1 пунктту түздү.
Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча системалуу аракеттерди улантууну, жеңилдетилген каржылоо механизмдерин өркүндөтүүнү, административдик тоскоолдуктарды азайтууну жана бизнес жана экспорттук активдүүлүктү стимулдаштыруу чараларын кеңейтүүнү тапшырды.
Ушул жылдын башында бекитилген тизмеге кирген өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тиешелүү жетекчилерге бул долбоорлордун учурдагы абалы, иштердин жүрүшү жана келип чыккан маселелер тууралуу маалымат берүү тапшырылды.
Ошондой эле күзгү талаа иштеринин жүрүшү каралды. Жооптуу кызмат адамдарына көрүлгөн чаралар, аймактардагы абал жана мүмкүн болуучу кыйынчылыктар тууралуу маалымат берүү милдети жүктөлдү.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев жооптуу жетекчилерге тапшырылган милдеттердин өз убагында аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.