Дыйкандар кант кызылчасын кабыл алуудагы көйгөйдү көтөрдү

 Дыйкандар кант кызылчасын кабыл алуудагы көйгөйдү көтөрдү

Панфилов районуна караштуу Күрпүлдүк айылынын тургуну эмгек ардагерлеринин жана кант кызылчасын өстүргөн дыйкандардын атынан түшүмдү кабыл алуудагы көйгөйдү көтөрдү. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровдун Панфилов районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, Панфилов районунда 5 миңден ашык эмгек ардагери бар. Алардын 70-80 пайызы дыйканчылык менен алектенишет.

Тургун Кайыңды кант заводунда эски жабдуулар колдонулуп жатканын, анын кесепетинен дыйкандар өстүргөн кант кызылчасы талаада суткалап жыйналбай жатканын айтты. Ал бул көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Өз кезегинде айыл чарба министринин орун басары Асылбек Сатывалидиев мындай кырдаал түшүм жыйноо маалында кант кызылчасынын көп көлөмдө түшүшүнө жана кабыл алуу пункттарынын жетишсиздигине байланыштуу экенин түшүндүрдү.

Анын маалыматына караганда, завод жеке жактарга таандык жана аларга кызылчаны кабыл алуудагы тоскоолдуктарды жоюу максатында бункерлерди ачуу талабы коюлган.

Связанный пост