Бир аптада 21,8 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

 Бир аптада 21,8 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Өлкө аймагында бир апта ичинде 21 миң 812 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол эрежесин бузуу фактысы 30-октябрдан 5-ноябрга чейин катталган.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 632;
  • Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 368;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 293;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 538;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу -1 055;
  • Авто ээнбаштык – 26;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 924;
  • Жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу – 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 15 582;
  • Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 388 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Связанный пост