Бишкекте аскер пенсионерлери коомдук транспортто акысыз жүрүшү мүмкүн
Бишкекте аскер пенсионерлерине коомдук транспортто акысыз жүрүү укугун берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Министрлик тарабынан көтөрүлгөн демилгеге ылайык, жеңилдик жалпы белгиленген пенсия курагына жеткен аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине берилет. Тактап айтканда, эркектер үчүн 63, аялдар үчүн 58 жаш каралган.
Учурда маселе Бишкек шаардык кеңешинде каралып, жеңилдикти 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда.
Белгилей кетсек, Ош шаарында аскер пенсионерлерине коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирген.