“Супарадагы” өрт: Тергөө иштери башталды
“Супара” этнокомплексинен чыккан өрт кырсыгы боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан “Супара-2” этнокомплексинин ашканасынан өрт чыккан.
Аталган окуя тууралуу маалымат Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө саат 23:30 чамасында келип түшүп, маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча өрт саат 21:52 чамасында мештин морунан тутанганы аныкталган.
Өрттүн кесепетинен ашкананын болжол менен 350–400 чарчы метр аянты жана бир даана жыгач боз үй күйгөн.
“Аталган факты боюнча соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Учурда Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана Таш-Дөбө айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп белгилешти милициядан.