Кыргызстанда пренаталдык скрининг киргизүү боюнча улуттук программа кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында пренаталдык скринингди киргизүү боюнча “Үмүт” улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койду.
Эне жана баланын ден соолугун жакшыртуу, тукум куума жана хромосомдук ооруларды эрте аныктоо жана профилактикалоо, кош бойлуулуктун бардык этаптарында медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, улуттук жана эл аралык сунуштамаларга негизденип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекичиликке алып, токтом кылынат:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында пренаталдык скринингди киргизүү боюнча «Үмүт» улуттук программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында пренаталдык скринингди киргизүү боюнча «Үмүт» улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык;
3) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында пренаталдык скринингди киргизүү боюнча «Үмүт» улуттук программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында пренаталдык скринингди киргизүү боюнча «Үмүт» улуттук программасынын ресурстук наркын баалоо 4-тиркемеге ылайык.
2.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте тиешелүү жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджетти түзүүдө 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында пренаталдык скринингди киргизүү боюнча «Үмүт» улуттук программасынын иш-чараларынын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн акча каражаттарын карасын.
3.Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4.Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.