Президент Айтматов жана Манас райондорунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрында, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы жарандардын кайрылууларын угуп, тиешелүү ведомстволорго тургундардын конкреттүү көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүү боюнча так тапшырмаларды берди.

Жашоочулар күнүмдүк турмушка жана райондорду өнүктүрүүнүн келечегине байланыштуу кеңири чөйрөдөгү маселелерди көтөрүштү.

Негизги темалардын катарында спорттук жана социалдык объекттерди куруу жана оңдоо, канализация жана ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын тартуу, мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу турак жай берүү, мунапыс маселелери, ошондой эле жер жана мүлк талаштары болду. Ошондой эле кылмыш иштери жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар да айтылды.

Садыр Жапаров тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго жарандардын бардык кайрылууларын тыкыр иштеп чыгууну тапшырды.

Президент кылмыш иштерин жана мүлктүк талаштарды объективдүү, адилеттүү жана өз убагында кароо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Связанный пост