Бишкекте күн сайын миңден ашык автобус каттамга чыгат
Бишкек шаарында күн сайын 1050-1100 автобус жүргүнчүлөрдү ташып, коомдук транспорттун 95-96% каттамын “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тейлейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Максат Жумабаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда муниципалдык ишкананын карамагында 1 миң 400дөн ашык автобус бар. Алардын ичинен күн сайын 1 миң 100дөй автобус каттамга чыгып, шаар тургундарын тейлейт. Мындан тышкары, борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташыган жеке ишканалар да иш алып барат. Бирок алардын үлүшү салыштырмалуу аз.
“Ошол эле учурда административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагы кеңейген. Буга байланыштуу жаңы кошулган аймактарды коомдук транспорт менен камсыздоо максатында кошумча автобустарды сатып алуу боюнча сунуштар даярдалып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Шаардык коомдук транспортто киргизилген төлөм системасына токтолсок, шаарда автобусту улам алмаштырып жүрүү системасын киргизгенге шарт түзүлдү. Мисалы, “Тулпар” картасын колдонгон жүргүнчүлөр бир сааттын ичинде башка автобуска акысыз түшүп, көздөгөн жерине жете алышат”,- деди ал.
Мындан тышкары, жол кирени накталай эмес төлөө айдоочулардын ишин жеңилдетип, адам факторунун таасирин азайтканын кошумчалады. Анткени учурда айдоочулар жол кире чогултуу менен алектенбейт.