Борбор Азия өлкөлөрү электрондук тамекиден толугу менен баш тартты

 Борбор Азия өлкөлөрү электрондук тамекиден толугу менен баш тартты

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон электрондук тамекилерди өндүрүүгө, импорттоого, экспорттоого, дүң жана чекене сатууга, никотин жеткирүү системаларына толук тыюу салган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдирүүдө.

Демилге өткөн жылдын декабрь айында парламенттин жогорку палатасынын спикери Рустам Эмомали тарабынан көтөрүлгөн. Бийлик бул чараны өлкөнүн генофондун коргоо жана тургундардын, айрыкча жаштардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна терс таасирин алдын алуу үчүн зарыл деп түшүндүрөт. Эрежени бузгандыгы үчүн административдик же кылмыш жазалары азырынча жарыялана элек.

Ошентип Тажикстан вейптин айлануусун катаал жөнгө салуу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасындагы аракеттерге кошулду. Алсак, Түркмөнстан электрондук чылым жана фейпке 2023-жылы эле тыюу салган. Казакстан 2024-жылы түтүнсүз тамеки буюмдарын, электрондук тамеки системаларын жана алар үчүн суюктуктарды сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизген.

Ал эми Кыргызстан 2025-жылдын 1-июлунан тартып электрондук тамекилерди импорттоого жана колдонууга тыюу салган. Жазаларга айып пул салуу, коомдук жумуштарга тартуу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу кирет. Ушул эле жылдын ноябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев электрондук тамекилерди сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Аны бузгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Связанный пост