Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укугун коргоо күчөтүлөт
Бишкекте майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 30-октябрда өткөн улуттук консультациялык жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Министрдин орун басары Мирланбек Бойгончоков бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүү, коргоо механизмдерин күчөтүү жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын катышуучулары мыйзам долбоорунун негизги жоболорун карап чыгып, сунуштарын беришти. Анын жыйынтыгында мыйзам долбоорун мындан ары өркүндөтүү жана майыптыгы бар аялдар менен кыздарды зомбулуктан коргоонун укуктук механизмдерин күчөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.