Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтык форуму өттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумунун ачылышына катышты.

Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынын саясий эрки жана бекем колдоосунун аркасында эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык ырааттуу түрдө чыңдалып жатканын белгиледи. 2024-жылы кол коюлган Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим бардык негизги багыттар боюнча кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

“Мамлекет башчыларыбыз тарабынан так максат коюлган, 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданын көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү. Бул жагынан алганда, биз эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүү механизми катары калыптанып жаткан Экинчи аймактар аралык форумга өзгөчө маани беребиз. Бүгүн Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары Казакстандын Алматы, Жети-Суу, Чыгыш Казакстан, Түркстан, Караганда жана Кызыл-Ордо облустары менен макулдашууларга кол коюшууда. Биз өз ара соодаланган товарлардын түрлөрүн кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана түздөн-түз өз ара аракеттенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштайбыз”, — деди ал.

Адылбек Касымалиев аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир катар биргелешкен долбоорлорду белгиледи. Алардын катарына “Ак-Тилек – Кара-Суу” көзөмөл өткөрүү пункттарынын аймагындагы индустриалдык соода-логистикалык комплекс, ошондой эле Алматы шаарына жакын жайгашкан продуктуларды дүңүнөн-бөлүштүрүү борбору кирет.

“Бүгүн биздин алдыбызда маанилүү милдет турат, мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин аймактык деңгээлдеги натыйжалуу жыйынтыктарга айландыруу, биргелешкен инвестициялык демилгелердин ишке ашырылышын камсыз кылуу, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара сооданы кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү. Андыктан, мен аймактардын өздөрү кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бирине айланышы керек деп эсептейм. Бул форумдун алкагында жетишилген макулдашуулар практикалык кадамдар менен коштолуп, туруктуу өнөктөштүккө жана узак мөөнөттүү келишимдерге айланат деп ишенем”, — деп жыйынтыктады ал.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтык боюнча экинчи форумду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аны эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды бекемдөө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн натыйжалуу аянтча катары мүнөздөдү. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилеп, казак тараптын биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Связанный пост