Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

 Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

“Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, станциянын орточо электр кубаттуулугу 223 МВтты түзөт.

Учурда 6 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. Ал эми 8 от казан агрегаты жана 3 турбоагрегат резервде турат.

Негизги жабдуулар белгиленген технологиялык параметрлерге ылайык иштөөдө.

Ишкана учурдагы жүктөмгө жана белгиленген иштөө режимдерине ылайык электр жана жылуулук энергиясын туруктуу өндүрүүнү улантууда.

Связанный пост