Кыргызстанга Кытайдан темир жол аркылуу күйүүчү май келе баштады

 Кыргызстанга Кытайдан темир жол аркылуу күйүүчү май келе баштады

Бүгүн, 28-октябрда Кытайдан Кыргызстанга темир жол аркылуу күйүүчү майдын алгачкы көлөмдөрү келе баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетикалык туруктуулугун камсыз кылуу маселелерине арналган жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Кабар“ агенттигине билдирди.

Анын айтымында, буга чейин күйүүчү май Кыргызстанга негизинен Россиядан ташылып келсе, бүгүнкү күндө Азербайжан, Түркмөнстан, Беларусь жана Түркия сыяктуу мамлекеттерден да жеткирилүүдө.

“Кытай өлкөсү менен жайында, август айында биздин өкүлдөр өкмөт мүчөлөрү менен бирге барып, ал жактагы ири кытайлык компаниялар менен келишимдерге кол коюшкан. Буга чейин күйүүчү майды унаалар менен ташып башташкан болчу. Бирок бүгүн, 28-октябрда Кытайдан темир жол аркылуу биринчи көлөмдөр Кыргызстанга кирип баштады”, — деди ал.

Эшатов белгилегендей, учурда Кыргызстанда дизель отуну боюнча кырдаал туруктуу. Ал эми бензиндин көлөмү бир аз тартыш болуп, аны каалаган көлөмдө сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан өлкө күйүүчү май жеткирүүчү ар кандай мамлекеттерди издеп, жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылууда.

“Азыр Кыргызстанда дизель отуну боюнча кырдаал туруктуу. Бензин боюнча бизде бир аз тартыштык бар, азыр каалаган көлөмдө сатып ала албай жатабыз. Биз каалаган көлөм мындан көбүрөөк болсо, ички корлорду көбөйтүп алсак дегенбиз. Бензин тобу боюнча 2-2,5 айлык жана 3 айлык корлорду түзүп алсак деген аракетибиз бар”, — деди ассоциациянын президенти.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда күнүнө бензин тобундагы күйүүчү майдан 1 миң 200 тонна, дизель отунунан да ушундай эле көлөм сарпталат. Жалпы күнүмдүк ички керектөө 2,5-3 миң тоннанын тегерегинде.

Мындан тышкары, Кыргызстанда күйүүчү май өндүрүүчү эки ири завод — Жалал-Абаддагы жана Кара-Балтадагы ишканаларда оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Учурда заводдорду модернизациялоо, заманбап жабдууларды орнотуу иштери аткарылууда.

“Эки заводдо бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Модернизация болуп, жаңы заманбап жабдуулар коюлууда. Ал эми кийинки жылы ишке киргенде Кыргызстандагы күйүүчү майга байланыштуу кырдаал өзгөрүшү керек. Биз ошого ниеттенип жатабыз”, — деп белгиледи Канатбек Эшатов.

Связанный пост