Бишкекте муниципалдык кызматтардагы мыйзам бузуулар текшерилет
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматтардын ишиндеги мүмкүн болгон мыйзам бузууларды иликтөөнү жана күнөөлүү кызматкерлерге карата чара көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда мэриянын кызмат адамдарына жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине байланыштуу 44 материал боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Ошондой эле мэр ишкерлердин биринен муниципалдык администрациянын кызматкерине 5 миң сом которулган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү, окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоону жана тиешелүү кадрдык чечимдерди кабыл алууну тапшырды. Анын ичинде акча алган кызматкерди кызматтан бошотуу маселеси да каралат.
Жунушалиев шаар тургундарын муниципалдык кызматтардагы мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу документтер менен тастыкталган маалыматтарды билдирүүгө чакырды.
Коррупция жана мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:
- 0312 97 91 95, кошумча номерлери: 0603;
- 0312 97 91 95, кошумча номерлери: 0602.