Эл өкүлү мектептердеги китеп ижарасы жана тамак-ашты текшерүүнү талап кылды

 Эл өкүлү мектептердеги китеп ижарасы жана тамак-ашты текшерүүнү талап кылды

Депутат мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздигин, аларды пайдалануу үчүн алынуучу төлөмдөрдүн мыйзамдуулугун жана мектептердин айланасындагы соода түйүндөрүндө санитардык талаптардын сакталышын текшерүүнү сунуштады. Бул маселени депутат Райимберди Дүйшөнбиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында көтөрдү.

Анын айтымында, аймактардагы айрым мектептерде окуу китептери жетишсиз болгондуктан, окуучулар китепсиз калып, тапшырмаларды бири-биринен сурап аткарууга аргасыз болууда.

“Учурда мектептер жаңы окуу китептерин пайдалануу үчүн ар бир китепке 25 сомдон ижара акы төлөп, квитанция алып келүүнү талап кылып жатканы айтылууда. Бирок, китептерди сатып алууга аракет кылган ата-энелер китептерди таба албай жатышат”, – деди ал.

Мындан тышкары, эл өкүлү мектептердин айланасындагы дүкөндөрдө санитардык көзөмөлсүз тез даярдалуучу азыктар жана сапатсыз таттуулар сатылып жатканын белгиледи. Анын пикиринде, мындай азыктар балдардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн.

“Балдарыбыздын сапаттуу билим алуусуна жана алардын ден соолугун коргоо үчүн шарт түзүү — жалпы биздин милдетибиз. Ошондуктан мамлекеттик органдар китептерге ижара акы алуу мыйзамдуубу, санитардык талаптар сакталып жатабы — ушул маселелерди текшерип, көзөмөлгө алсаңыздар. Жогорудагы маселелер боюнча протоколдук тапшырмаларды берип койсоңуздар”, — деди Дүйшөнбиев.

Связанный пост