Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамы жаңыланды

 Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамы жаңыланды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1.Кыргыз Республикасынын президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жарлык менен бекитилген Кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

  • Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевич, Баетов Аяз Батыркулович, Сагынбаев Канат Латипжанович курамдан чыгарылсын;
  • Айылчиев Алмаз Асимович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Имангазиев Алмаз Кулубекович – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Арабаев Чолпонкул Исаевич – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кайыпов Сулайман Турдуевич – Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун cоциалдык философия бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор курамга киргизилсин.

Связанный пост