Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылат

 Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылат

Улуттук банкы бүгүндөн тарта 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сомдук жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, банкноттор алгачкы жолу Кыргызстандагы “Борбордук Азиянын Корголгон Басма Типографиясы” ЖЧКсында даярдалды.

Жаңы банкноттордун дизайны, өлчөмү жана түсү өзгөргөн жок. Алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объекттер чагылдырылган. Ошол эле учурда банкноттор заманбап коргоо элементтери менен жабдылган.

Улуттук банк чыгарылган жылына карабастан, улуттук валютанын бардык банкноттору өлкө аймагында расмий төлөм каражаты болуп саналарын жана төлөмдөрдө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш экенин эскертет.

Связанный пост