Бишкекте айрым имараттардын сыртын өзгөртүүгө тыюу салынды
Бишкек шаарынын мэриясы бюджеттик каражаттын эсебинен оңдолгон айрым имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул талап Чүй, Жибек жолу жана Чыңгыз Айтматов проспектилериндеги, ошондой эле Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү имараттарга тиешелүү.
Мэриянын маалыматына ылайык, имараттардын фасаддарын өз алдынча сырдоого, каптамасын алмаштырууга, балкондорду айнектөөгө, кондиционерлерди жана жарнамалык конструкцияларды уруксатсыз орнотууга болбойт.
Фасаддарга өзгөртүү киргизүү белгиленген тартипте гана жүргүзүлүшү керек. Талаптарды бузгандарга мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралган.