Президент: Ала-Букада 94 тургундун жер маселеси тез арада чечилет

 Президент: Ала-Букада 94 тургундун жер маселеси тез арада чечилет

Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуу учурунда Кош-Терек айылынын тургундарынын жер тилкелерине документ алуу маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.

Айыл тургунунун айтымында, 2016-жылы 94 адамга 8 сотыхтан жер тилкеси берилген. Бирок ошол убактан бери жерлердин документтери толук бүтө элек. Тургундарга маселени мунапыс жана жерлерди трансформациялоо жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү айтылган.

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеевдин маалыматына караганда, 2021-жылдын декабрына чейин берилген жерлер боюнча мунапыс иштери жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы жер тилкелеринин абалын жеринен текшерип, эгер ал жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрү өспөсө, маселени тез арада чечүүнү тапшырды.

Связанный пост