Чаткалда мугалим жетишсиздиги көйгөйү толугу менен чечилди
Чаткал районунда билим берүү тармагын өнүктүрүү, кадр жетишсиздигин жоюу жана окуу сапарын жогорулатуу багытында олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, акыркы жылдары аймакта төмөнкүдөй көрсөткүчтөр катталды:
- Балдарды бала бакча менен камтуу көрсөткүчү 34,4 пайыздан 68,4 пайызга чейин кескин өстү.
- Билим берүү системасындагы мугалимдердин жетишсиздиги 6дан 0гө кыскарып, толугу менен чечилди.
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча райондун орточо упайы 126,6 баллды түзүп, үч окуучу 200дөн ашык упай топтогон.
- 2026-жылы Ю. Гагарин атындагы мектептин музыка мугалими Абдырасул Сандыбаев “Мыкты мугалим” республикалык сынагында биринчи орунду ээлеп, 500 миң сом сыйлык алган.