Таласта 495 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушу уланууда
Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайлардын иши 50-55 пайызга аткарылды. Бул тууралуу курулуш өкүлдөрү билдиришти.
Бердике баатыр көчөсүндөгү мурдагы автобазанын аймагында 11 блоктон турган, жалпы 495 батирлүү турак жай комплекси салынууда. Анын ичинен 198и бир бөлмөлүү, 198и эки бөлмөлүү жана 99у үч бөлмөлүү батирлер.
Учурда 200дөн ашык жумушчу иштеп, дубал тургузуу, шыбактоо жана терезе алкактарын орнотуу иштери жүрүүдө. Турак жайларда лифттер да каралган.
Долбоорду 2027-жылдын төртүнчү кварталына чейин бүтүрүү пландалууда. Батирлер жарандарга жылдык 4% жана 8% менен ипотекага берилет.