Бишкекте ТүркПАнын XV пленардык жыйыны өттү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XV пленардык жыйыны өткөрүлдү.

«Жасалма интеллект жана технологиялык прогресс доорунда түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтык» темасында уюштурулган отурумга Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстандын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, ошондой эле бир катар уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү да катышты.

Ачылыш сөзүндө Төрага Марлен Маматалиев талкуулана турган теманын актуалдуулугуна кеңири токтолуп, андан соң сөздү боордош өлкөлөрдүн парламент жетекчилерине жана конокторго узатты.

Алсак, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова ТүркПАнын алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана анын багыттарын кеңейтүү, ошондой эле парламенттердин ишине санариптик технологияларды киргизүү маселелерин ортого салды.

«Уюмдун алкагында жаштар форуму жана аял парламентарийлер тобу сыяктуу аянтчалар түзүлүп, жигердүү иш алып барууда. Мындай демилгелер парламенттер аралык алакаларды бекемдөөгө жана өз ара тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт», – деген Сагиба Гафарова ошондой эле кызматташтыкты ТүркПАнын алкагы менен чектебестен, башка өнөктөштөр менен да байланыштарды өнүктүрүүнү сунуштады.

Муну менен катар Азербайжанда санариптештирүү багытында тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын, санариптик өнүгүү жана электрондук документ жүгүртүү системаларын киргизүү, анын ичинен автоматтык стенографиялоо жана шайлоочулардын кайрылууларына электрондук форматта жооп берүү сыяктуу технологиялык чечимдер колдонулуп жатканын кошумчалады.

Ал эми Казакстандын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай санариптештирүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү өлкөлөрдүн келечеги үчүн артыкчылыктуу багыттардан экенин баса белгилеп ошону менен бирге парламенттин санариптик өзгөрүүлөрдү ишке ашыруудагы ролуна да токтолуп, бул багыттагы мыйзам чыгаруу ишин өркүндөтүү, санариптик технологияларды колдонуу багытында иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Тагыраагы, өз сөзүндө Казакстандын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебай бул талкуу быйыл Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинде айтылган демилгелерди бекемдей турганын баса белгиледи.

«Бул жасалма интеллект жана заманбап технологиялар маселелери түрк дүйнөсүнүн жалпы күн тартибинде өзгөчө орунду ээлей турганын көрсөтүп турат. Бул багытта мамлекет башчыбыз Касым-Жомарт Токаев түрк мамлекеттеринин IT-хабдар тармагын жана Астанадагы Alem.AI базасында Жасалма интеллект борборун түзүү демилгеси чоң мааниге ээ экенин айтты», – деди Айбек Дадебай.

Ошону менен бирге Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш түрк мамлекеттери өз кадрларын даярдоонун, илимий-технологиялык потенциалды өнүктүрүүнүн, интеллектуалдык менчикти коргоонун, ошондой эле жаңы технологиялар үчүн укуктук жана этикалык алкактарды калыптандыруунун зарылдыгын айтып:

«Биз жасалма интеллект, санариптештирүү, киберкоопсуздук жана интеллектуалдык менчик тармактарында тажрыйба алмашууну кеңейтип, ошондой эле күн тартибиндеги моделдик мыйзамдар боюнча иштерди илгерилетишибиз керек. Бул иш жалпы муктаждыктарыбызга жооп берген биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга жана мыйзам чыгаруу жаатындагы кызматташтыгыбызды чыңдоого мүмкүндүк берет», – деди Нуман Куртулмуш.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева жыйындын темасы жасалма интеллект жана технологиялык өнүгүү доорундагы парламенттер аралык кызматташтык – жалпы жоопкерчилик менен түздөн-түз байланыштуу экенин ырастады.

«Парламенттердин милдети – бир жагынан инновацияларды стимулдаштырган, экинчи жагынан адам укуктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылган укуктук чөйрөнү калыптандыруу. Биздин мамилебиз так: технологиялар адамга кызмат кылууга тийиш, ал эми кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик адамдын өзүндө калуусу шарт», – деди.  Ошондой эле Танзила Нарбаева «Санариптик Өзбекстан – 2030» стратегиясы жана 2030-жылга чейинки жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү стратегиясы тууралуу маалымат берди.

Муну менен катар ТүркПАнын Башкы катчысы Рамил Хасан тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө түрк мамлекеттери бай адамдык капиталга ээ экенин белгилеп, бул мүмкүнчүлүктөрдү биргелешкен технологиялык келечекти курууга багыттоо зарылдыгы тууралуу сөз кылды.

«Бул багытта парламенттерге өзгөчө роль жүктөлүп, кабыл алынган маанилүү чечимдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде колдоо жана ратификациялоо зарыл. Ошондой эле жасалма интеллектти жана заманбап технологияларды колдонуу тууралуу моделдик мыйзамдарды кабыл алуу ТүркПАга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», – деген Рамил Хасан мындай моделдик мыйзамдарды даярдоо Ассамблеянын комиссияларынын тынымсыз жана тыгыз ишинин натыйжасында ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев технологиялар келечектин мүмкүнчүлүктөрүн сунуштай аларын, бирок ал мүмкүнчүлүктөр кандай баалуулуктарды алып келерин адамдар өздөрү аныктай турганын билдирип: «Биздин милдетибиз түрк дүйнөсүн жасалма интеллект дооруна алып келүү менен гана чектелбейт. Ошондой эле бул жаңы доорго түрк дүйнөсүнүн тилин, тарыхый эс тутумун жана адамзатка тартуулаган бай маданий мурасын да алып өтүшүбүз керек», – деди.

Андан тышкары, ТүркПАнын XV пленардык жыйынында ТүркПАнын комиссияларынын төрагаларын жана төрага орун басарларын шайлоо, ТүркПАнын Башкы катчысынын орун басарларын шайлоо маселелери каралып, ошондой эле Ассамблеянын тармактык комиссияларынын, аял парламентарийлер тобунун жана жаш парламентарийлер тобунун отчеттору жана сунуштамалары угулуп, эске алынды.

Ошондой эле «ТүркПАга мүчө мамлекеттеринде өнөр жай менчигинин укуктарын коргоо жөнүндө», «Балдарды ден-соолугуна жана алардын өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө», «Биргелешкен ишкана жөнүндө» моделдик мыйзам долбоорлору каралып, кабыл алынды.

Связанный пост