Амангелдиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 25-жыйынына катышты.

Жыйын Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында тар жана кеңири курамда өттү.

Өз сөзүндө Данияр Амангелдиев Бишкек саммитинде 28 документ бекитилип, ШКУнун институционалдык реформасы жана укуктук негизи чыңдалганын белгиледи.

Ал соода-экономикалык жана гуманитардык чечимдерди сапаттуу аткаруу үчүн товарлардын кыймылын тездетүү жана транспорттук чыгымдарды азайтуу, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун жана Ысык-Көлдөгү «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын алкагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү, ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү жана жасалма интеллект жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин белгиледи.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен маданий иш-чараларды даярдоо сунушталды.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. 25-жыйындын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен коммюнике;
2. Соода-экономикалык кызматташтык Программасын ишке ашыруунун алкагындагы иш-чаралар жөнүндө Отчет тууралуу чечим;
3. 2026-2030-жылдарга карата Иш-чаралар планы жөнүндө чечим;
4. ШКУнун 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Финансылык отчет тууралуу чечим;
5. ШКУнун 2027-жылга карата бюджети жөнүндө чечим;
6. Туруктуу органдарды котормочулук жактан камсыздоо жөнүндө чечим;
7. Туруктуу органдардын кызмат адамдарын акчалай камсыздоо жөнүндө Жобого толуктоо киргизүү тууралуу чечим;
8. Мультимодалдык жүк ташуулар үчүн санариптик платформаны түзүү Концепциясы жөнүндө чечим;
9. Өнөр жай чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлордун маалыматтар банкы жөнүндө Жобо тууралуу чечим.

Связанный пост