Президенттикке талапкерлер шайлоо фондун кантип түзөт?

 Президенттикке талапкерлер шайлоо фондун кантип түзөт?

Президенттик кызматка талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар документтерин тапшыруудан мурда шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы түшүндүрмө берди.

БШКнын маалыматына ылайык, талапкер шайлоо фонду үчүн бир гана атайын эсеп ача алат. Эсеп “Айыл Банк” же “Элдик Банкта” ачылат.

Шайлоо фонду талапкердин өз каражатынан, саясий партия бөлгөн каражаттан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан түзүлөт.

Атайын эсепти БШК бекиткен тизмеге кирген мобилдик банк тиркемелери, банктык эсеп аркылуу накталай эмес төлөм же банктардын эсептешүү-касса бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм менен толуктоого болот. Ал эми төлөм терминалдары же QR-код аркылуу акча салууга тыюу салынат.

“Атайын эсеп ачылып, толукталгандан кийин талапкер БШКнын депозиттик эсебине 1 млн сом өлчөмүндө шайлоо төгүмүн которууга тийиш. Төгүм кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат”, – деп айтылат маалыматта.

Президенттик кызматка талапкерлигин коюу тууралуу арыз менен кошо шайлоо төгүмү төлөнгөнүн ырастаган төлөм тапшырмасынын түп нускасы жана №1 форма боюнча атайын эсептин реквизиттери көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү билдирүү берилет.

БШК белгилегендей, талаптардын сакталышы шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттин шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт.

Связанный пост