Күздүк буудай: дыйкандарга түшүмдүү сорттор сунушталды

 Күздүк буудай: дыйкандарга түшүмдүү сорттор сунушталды

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти дыйкандарга күздүк буудай себүүдө Кыргызстанда сыноодон өткөн, түшүмдүүлүгү жогору жана климаттык шарттарга чыдамдуу сортторду тандоону сунуштады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын шарттарына ылайык жергиликтүү интенсивная, зубков, влада жана адыр сорттору сунушталууда. Алардын айрымдарынын түшүмдүүлүгү гектарынан 60-94 центнерге чейин жетет.

“Ошондой эле сугат жерлерге Франциянын ликамеро, Германиянын тризо, Россиянын есаул, алексеич, тимирязевка 150, баграт, гурт, Өзбекстандын АСР жана давр сортторун эгүү сунушталат. Ал эми стекловидная 24 сорту Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кайрак жерлерине ылайыктуу. Анын орточо түшүмдүүлүгү 30–37 центнерди түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Ведомствонун маалыматына ылайык, сунушталган сорттордун арасында суукка, кургакчылыкка жана илдеттерге туруктуу, сапаттуу дан берүүчү түрлөр бар.

Связанный пост