Быйыл өлкөдө сабиздин түшүмү жогору болууда

 Быйыл өлкөдө сабиздин түшүмү жогору болууда

Кыргызстанда быйыл сабиздин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 300-310 центнерге жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айыл чарба тармагындагы алдын ала эсептөөлөрүндө айтылат.

Маалыматка караганда, 2026-жылы республика боюнча жашылча өсүмдүктөрү 37,8 миң гектарга айдалган. Анын ичинен сабиздин айдоо аянты болжол менен 7,6 миң гектарды түзөт.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылы сабиз 7 332 гектар аянтта өстүрүлүп, орточо түшүмдүүлүгү гектарына 259,9 центнер болгон.

Быйыл аба ырайынын ыңгайлуу болушу жана агротехникалык иштердин өз убагында жүргүзүлүшү сабиздин түшүмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизүүдө.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, быйыл сабиздин дүң жыйымы 235-245 миң тоннаны түзүшү мүмкүн. Бул ички рыноктун сабизге болгон керектөөсүн камсыз кылууга шарт түзөт.

Связанный пост