Мектептерди оңдоого жана чарба иштерине 609 млн сом бөлүндү

 Мектептерди оңдоого жана чарба иштерине 609 млн сом бөлүндү

2026-жылы мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга республикалык бюджеттен 205 млн сом, учурдагы оңдоо иштерине 404 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Тарбия жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эркимбеков билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарындагы оңдоо иштерине, аларды кайтарууга жана керектүү чарба-тиричилик товарлары менен камсыздоого каражат мамлекеттик бюджеттен милдеттүү түрдө бөлүнөт.

“Эгер ата-энелерде же педагогдордо акча мыйзамсыз чогултулганы тууралуу фактылар болсо, Агартуу министрлигине кайрылууну өтүнөбүз. Укук коргоо органдары менен биргеликте мындай учурларды карап чыгып, мыйзамдардын алкагында тиешелүү чараларды көрүүгө даярбыз”, – деди ал.

Связанный пост