6 жылда мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 1 млрд сом чогултулган
2021-2026-жылдар аралыгында мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн 1 млрд 111 млн сом чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда 438 мүлк жана мүлктүк комплекс бар.
“Булар конфискацияланган жана өз эрки менен өткөрүлүп берилген мүлктөр жана мүлктүк комплекстер болуп саналат”, – деди ал.