Бишкекте тез татым жайынан өрт чыкты
Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жайгашкан тез татым жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 03:22де бир күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 04:36да толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар тууралуу маалыматтар такталууда.