“Бишкек Аренанын” ачылышына 10 миң акысыз билет берилет

 “Бишкек Аренанын” ачылышына 10 миң акысыз билет берилет

Бүгүн, 25-сентябрда саат 15:00дө ticket.gov.kg сайтында “Бишкек Арена” спорт комплексинин расмий ачылышына дагы 10 миң акысыз билет жеткиликтүү болот.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, анын 5 миңи отургучтарга, дагы 5 миңи фан-зонага каралган.

Ачылыш аземине арналып жалпы 51 миң отургуч орун жана фан-зона каралган. Бүгүнкү күнгө чейин жарандарга 45 миңден ашык акысыз билет берилди.

Салтанаттуу ачылыштын алкагында кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана коңшу өлкөлөрдүн популярдуу аткаруучулары катышкан B.A. DAY масштабдуу фестивалы өтөт.

Иш-чара тууралуу расмий маалымат президенттин Иш башкармалыгынын @ud.gov.kg баракчасында, ал эми артисттер жана фестивалдын программасы тууралуу маалымат @ba_day_ расмий баракчасында жарыяланат.

Связанный пост