ИИМ: Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууда электрондук билерик колдонулууда
Зомбулукка же куугунтуктоого кабылган жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында электрондук билериктер тагылууда. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн тескөөчүсү Эрмек Матиев билдирди.
Анын айтымында, электрондук көзөмөлдүн алкагында мобилдик тиркеме жүктөлүп, эки тарап тең пробация органдары тарабынан көзөмөлдөнөт.
“Коргоо ордери да бүгүнкү күндө бирдиктүү база аркылуу автоматташтырылган. Убактылуу коргоо ордери 30 күнгө берилет. Эгерде убактылуу коргоо ордеринин шарттары бузулган учурда, жабырлануучунун арызы жок эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жоопко тарта алат”, – деди ал.
Ошондой эле Эрмек Матиев зомбулук фактылары боюнча социалдык тармактарда, ЖМКларда же кошуналар тарабынан маалыматтар тараса, жабырлануучунун арызы жок болсо да милиция кызматкерлери фактыны электрондук журналга каттап, жеринде териштирүү иштерин жүргүзөрүн баса белгиледи.
Зомбулук биринчи жолу катталса, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 7 суткага чейин, ал эми кайталанса 14 суткага чейин камакка алуу чарасы каралган.