Кыргызстанда акыркы жылдары ишкер аялдардын саны өсүүдө
Кыргызстанда 2023-2025-жылдары жеке ишкер аялдардын саны 16,5%га, аялдар жетектеген чакан ишканалардын саны 17,2%га өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү доктор Сайед Садик жетектеген делегация менен жолугушуусунда айтылды.
Ведомстводон билдиришкендей, тараптар аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ишкер аялдарды колдоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Бишкекте аялдардын ишкердигин колдоо боюнча форум өткөрүү жана эки тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу маселелери каралды.
Министрлик ишкер аялдарды бизнестин өнүгүү баскычына жараша даректүү колдоого жана туруктуу киреше алып келип, жаңы жумуш орундарын түзгөн ишканалардын санын көбөйтүүгө басым жасайт.