Кыргызстан менен Кытай гранттык долбоорлорду ишке ашырууну тездетет
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Мамлекет башчылары тарабынан буга чейин жетишилген макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү сүйлөшүлдү.
МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жакында эле Кыргызстанда болгон жолугушуусунун алкагында, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык боюнча 30дан ашык документке кол коюлганын, эми аларды эки тараптын мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашыруу иши турганын билдирди.
“Биз мамлекет башчыларыбыз жетишкен макулдашуулардын практикалык ишке ашырылышы тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун деңгээлинде камсыз кылынышы керек деп эсептейбиз. Гранттык каражаттардын эсебинен каржыланган эки тараптуу долбоорлорду алдыга жылдыруу Кыргызстан үчүн олуттуу социалдык мааниге ээ. Кытай Өкмөтүнүн гранттары аркылуу каржыланган эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууда иштин зарыл болгон ыргагын сактоо жана кытайлык мамлекеттик мекемелер менен натыйжалуу координацияны камсыз кылуу маанилүү”, — деди МинКаб Төрагасынын орун басары.
Өз кезегинде Чэнь Сяодун Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу буга чейин макулдашылган гранттык долбоорлордун ишке ашырылышына кызыкдар экенин жана жаңы багыттарда кызматташууга Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги даяр экендигин билдирди.
Жалпысынан гранттык биргелешкен долбоорлорго кирген айыл чарбаны өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, транспорттук жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу, адистештирилген техника менен камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштерди колдоо сыяктуу негизги тармактарды камтыган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн сүйлөштү.
Белгилей кетсек, эки тараптуу артыкчылыктуу гранттык долбоорлорду алдыга жылдыруу максатында эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары кирген жумушчу топ түзүлгөн.
Ушуга байланыштуу, жолугушуунун соңунда гранттык долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү маселелер боюнча тыгыз координацияны камсыз кылуу үчүн жумушчу топтун үзгүлтүксүз отурумдарын өткөрүү макулдашылды.