“Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери убактылуу иштебейт
Кытай Эл Республикасынын Улуттук күнү жана Күз ортосу майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы автожол өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти..
Кытай тараптын маалыматына ылайык, жарандарды жана транспорт каражаттарын “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” аркылуу өткөрүү төмөнкү мезгилдерде убактылуу токтотулат:
- 25-сентябрда саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;
- 1-октябрда саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.
Көрсөтүлгөн мезгилдерде жарандарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлбөйт.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу сапарларды жана жүк ташууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.