Абанын булганышы дүйнөлүк экономикага жылына 7,12 трлн евро зыян келтирет
Абанын булганышынан улам 2023-жылы дүйнөдө дээрлик 8 млн адам көз жумган. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.
Абанын булганышынын адамдын ден соолугуна тийгизген кесепеттеринен улам дүйнөлүк экономикага келтирилген зыян 7,12 трлн еврого, же дүйнөлүк ИДПнын болжол менен 6%ына бааланууда. Мындай маалыматты Breathe Cities глобалдык демилгеси келтирет.
Уюмдун маалыматына караганда, абанын булганышы коомдук ден соолукка олуттуу коркунуч жаратып, зыяндуу бөлүкчөлөр мээге жана башка органдарга өтүп, бир катар оорулардын коркунучун жогорулатат.
Европанын бир катар шаарларында абанын булганышын азайтуу чаралары көрүлүүдө. Мисалы, Лондондо экологиялык чаралар киргизилгенден кийин уулуу абага байланыштуу өлүмдөрдүн саны болжол менен 40%га кыскарган.
Breathe Cities демилгеси учурда дүйнөнүн 16 шаары менен кызматташып, абанын сапаты тууралуу маалыматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана таза аба боюнча саясаттарды иштеп чыгууга көмөктөшүүдө.