Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү өстү

 Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү өстү

Кыргызстанда быйыл дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорулады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда республика боюнча 467,5 миң гектар дан эгини жыйналып, бул жалпы пландын 75,6 пайызын түздү.

“Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 27,6 центнер болуп, былтыркыдан 2,8 центнерге өстү. Жалпы 1 млн 376,6 миң тонна дан жыйналды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 189,7 миң тоннага көп. Анын ичинен 761,3 миң тонна буудай жана 574,5 миң тонна арпа жыйналды. Дан эгиндерин жыйноо көлөмү боюнча Чүй облусу алдыда болуп, анда 696 миң тонна түшүм алынды”, – деп айтылат маалыматта

Мындан тышкары, республика боюнча 444,1 миң тонна жашылча жана 276,5 миң тонна картошка жыйналды. Картошканын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу гектарына 10 центнерге жогорулады.

Связанный пост