Окуу китептери эми тендерсиз басылып чыгат

 Окуу китептери эми тендерсиз басылып чыгат

Окуу китептерин басып чыгаруу мындан ары тендер аркылуу жеке менчик басмаканаларга берилбейт. Жаңы тартипке ылайык, окуу китептерин “Окуу китеби” мамлекеттик басма үйү даярдап, басып чыгаруу үчүн “Учкун” ААКка өткөрүп берет.

“Окуу китеби2 басма үйүнүн маалыматына ылайык, басып чыгарууга керектүү каражат түздөн-түз мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Муну менен окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат мамлекеттик сектордо калат.

“Даяр болгон окуу китептери райондук билим берүү органдарына жеткирилип, андан ары мектептерге таратылат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин окуу китептерин басып чыгаруу тендер аркылуу жеке менчик басмаканаларга берилип келген.

Связанный пост