Көчмөндөр оюндары: Санитардык коопсуздук тыкыр көзөмөлдөндү

 Көчмөндөр оюндары: Санитардык коопсуздук тыкыр көзөмөлдөндү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык локацияларында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республиканын аймактарынан тартылган 80ден ашуун адис тамак-аш азыктарынын жана ичүүчү суунун сапатын, спортчулар менен коноктор жайгашкан жайлардын жана коомдук тамактануу жайларынын санитардык абалын текшерип турушту.

Ошондой эле спортчуларга жеткирилүүчү даяр тамак-аштын тизмеси, таңгакталышы жана коопсуздук талаптарына шайкештиги көзөмөлдөндү.

“Көрүлгөн алдын алуу жана көзөмөлдөө чараларынын натыйжасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө массалык тамак-аштан уулануу жана жугуштуу ооруларга байланыштуу кайрылуулар катталган жок””, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост