Кырчында абалы начарлаган жаран Балыкчыга тик учак менен жеткирилди

 Кырчында абалы начарлаган жаран Балыкчыга тик учак менен жеткирилди

Кырчын этномаданий шаарчасында жарандын абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталына кайрылган.

ӨКМдин адистери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жаранды алгачкы медициналык кароодон өткөрүшкөн.

“Жарандын абалына байланыштуу ага тез арада медициналык жардам көрсөтүү үчүн Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган”, – деп айтылат маалыматта.

Жаранды ыкчам жеткирүү максатында ӨКМдин тик учагы тартылып, ал Балыкчы шаарындагы медициналык мекемеге жеткирилди. ӨКМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жаранды ооруканага чейин коштоп барып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

ӨКМнин маалыматына караганда, министрликтин тик учактары нөөмөттө туруп, зарыл болгон учурда жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдар учурунда аларды тез арада эвакуациялоого даяр.

Связанный пост