Кырчында канадалык конок комуздун коштоосунда кыргызча обон созду

 Кырчында канадалык конок комуздун коштоосунда кыргызча обон созду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Канададан келген конок Ауди Александер Кырчындагы Баткен ордосунда кыргыздын улуттук маданиятын даңазалаган өнөрүн тартуулады.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал кыргыз эл артисти Апаз Жайнаковдун “Кыргыз жери” аттуу чыгармасын комузда аткарып, көрүүчүлөргө тартуулады.

Ауди Александер комуз жасоого кызыгып, аспапты өз колу менен жасаганын айтып, аны чертип, кыргызча ырдоону интернет аркылуу үйрөнгөнүн белгиледи.

Чет өлкөлүк коноктун өнөрүнө ыраазычылык билдирген президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева ага Баткен облусунун атынан Айгүл гүлү түшүрүлгөн белек тапшырды.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өлкөнүн аймактарында кыргыздын улуттук маданиятын, каада-салтын жана өнөрүн тааныткан бир катар иш-чаралар өтүүдө.

Связанный пост