Кыргыз-казак айтышы жыйынтыкталды
Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган чыгармачылык таймашка Кыргызстандан жана Казакстандан 8ден, жалпы 16 акын катышты. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков билдирди.
Анын айтымында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, “Манас” улуттук театрынын жана “Айтыш” фондунун уюштуруусунда өтүп, байге фонду 3 млн сомду түздү.
“Үч күндөн бери Кырчын жайлоосунда элдин ынтымагын, биримдигин даңазалаган керемет айтыш өттү. Айрыкча казак акындарынын Кыргызстанда болуп жаткан курулуштарды, ачылыштарды жана жетишкендиктерди айтып, Кыргызстандын ийгиликтерине казак элинин атынан сүйүнүп айтып жатканы биз үчүн чоң жетишкендик, сыймык болду.
Эл да күнү-түнү колдоп, коштоп, дем берип, акындарды аябай сүрөп отурду. Бул айтыш муну менен токтоп калбайт. Кудай буюрса, кыргыз-казак акындарынын айтышы мындан ары да улана берет.
Кыргызстандык акындардан баш байгени Элмирбек Иманалиев, 1-орунду Нурсултан Малдыбаев, 2-орунду Кутман Садыбакасов, 3-орунду Акматбек Султан уулу жеңди. Ал эми Казакстандан баш байгеге Мейирбек Султанхан, 1-орунга Мухтар Ниязов, 2-орунга Хазирет Бердихан, 3-орунга Нурлан Есенкулов татыды”, — деди Нурбек Талантбеков.