Бардык локацияларда электр жарыгы боюнча эч кандай маселе жок

 Бардык локацияларда электр жарыгы боюнча эч кандай маселе жок

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан маданий жана спорттук иш-чаралар учурунда объекттер электр жарыгы менен толук жана үзгүлтүксүз камсыздалууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кабар агенттигине билдирди.

Министрдин айтымында, ири иш-чара башталгандан бери 300дөн ашык адис нөөмөттө турушат.

“Көчмөндөр оюндары өтүүчү бардык локацияларда энергетиктер күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Кызматкерлер күнү-түнү нөөмөттө турушат. Оюндар башталгандан бери өзүм жеринде объектилерди кыдырып, көзөмөлдөп жүрөм. Бүгүнкү күнгө чейин эч кандай маселе жаралган жок”, – деди Рысбеков.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы “Бишкек Арена” стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

Связанный пост